«Kazakh TV» каналы «Our common victory» теледолбоорунун 3-бөлүмүн сунуштайт

«Kazakh TV» каналы «Our common victory» теледолбоорунун 3-бөлүмүн сунуштайт

 

«Kazakh TV» каналында «Our common victory» теледолбоорунун кезектеги бөлүмү көрүүчүлөргө сунушталат. Окуялардын желесин Экинчи Дүйнөлүк согушка катышкан ардагерлер өздөрү баяндап берет. Бул – эрте жаштан, балалык чагынан айрылуу, тылдагы жана согуш талаасындагы эрдиктери тууралуу аңгеме.

3-бөлүмүндө дарыгерлер аскерлердин өмүрү үчүн кандай күрөшкөнү жана «Баары жеңиш үчүн» деп кан майданга азык-түлүк, дары-дармек менен курал-жарак жиберип үзгүлтүксүз иштеген тылдын эмгекчилери тууралуу баяндалат.

Анда катаал согуш жылдары айыл чарбачылыгы менен мал чарбачылыгында рекорддук көрсөткүчтөргө жетишкен казакстандыктар менен кашык каны калганча мекенин коргогон жарадар жоокерлердин өмүрү үчүн күрөшкөн медайымдардын эскерүүлөрү бүгүн 16:50дө «Kazakh TV» каналында. Өткөрүп жибербеңиздер.

 

Фото: otyrar.kz