Бүгүнтөн баштап кайсы ишканалардын жумушу жанданат?

Бүгүнтөн баштап кайсы ишканалардын жумушу жанданат?

Казакстанда бугу айынын 4нөн баштап карантин режими жеңилдетиле баштады. Шаарлар менен облустарда бир катар ишканалардын жумушу жанданды. Аны менен катар, аянты 500 чарчы метрге чейинки азык-түлүк саткан дүкөндөр, фото-салондор, гүл саткан  дүкөнчөлөр, чач-тарач жана медицина борборлору, стоматологиялык клиникалар алдын ала жазылуу боюнча иш алып барышат.

Кыймылсыз мүлккө тиешелүү операцияларды ишке ашырган компаниялар, жарнама агенттиктери, адвокаттар, нотариустар менен чакан каржы уюмдары, камсыздандыруу компаниялары, күрөөканалар, акча-алмаштыруу пунктары, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар компанияларынын жумушу жанданат. Бардыгынын иш убактысы саат 9:00дон кечки 17:00го чейин.

Обочолонуу режимин жеңилдетүүнүн натыйжасында бүгүн борбордо 60 миңге жакын адам ишке киришти. Баш калаада кийим-кечек, бут кийим, гүл саткан жерлердин жумушу жандана баштады.  

Жалпысынан штабдан кабарлашкандай, жеке имараттарда жайгашкан же жеке киреше булагы бар чакан орто бизнес субъектилери гана жумушка кирише алат. Бирок соода үйлөрүндө кеңселерди ижарага алынган жайлар менен соода борборлорунун эшиги азырынча жабык.

Ал эми Алматыда абал башкача. Мында негизги тизмеден сырткары кыймылсыз мүлк, бут кийим оңдоо, химиялык тазалоо жана башка кызматтарын сунуштаган компаниялар өз ишин баштайт.

Шымкентте үй жаныбарларына арналган дүкөндөр менен кыймылсыз мүлк агенттиги бул тизмеге кошулду. Ошондой эле, бул мегаполисттин тургундары жеке бөлүмчөлөрү бар мончого бара алышат.

Эске сала кетсек, Казакстанда өзгөчө кырдаал бугу айынын 11не чейин узартылган. Бирок тургундарга балдары менен бирге аянтчаларда сейилдөөгө жана көчөдө спорт менен машыгууга уруксат берилди. Аны менен катар, бир нече аймактарда авиакаттамга уруксат берилди. Нур-Султан, Алматы, Кызылорда, Өскемен жана Семейде аэропорттор ачылды.

 

Фото: 24.kz