Бугу айынын 1 – Казакстан элдеринин биримдик күнү

Бугу айынын 1 – Казакстан элдеринин биримдик күнү

Бугу айынын 1де казакстандыктар Казакстан элдеринин биримдиги жана ынтымагы символу аталган - Биримдик күнүн белгилешет. Бул жылы коронавирус пандемиясы көпчүлүк жакшы көргөн жазгы майрамдын өтүшүнө бир топ өзгөртүүлөрдү киргизди: элдик сейилдөө болбойт, жоро-жолдоштор жайылган дасторкон үстүндө чогула алышпайт. Анткен менен COVID-19 кооптуу вирус менен күрөшүүдөгү элдин биригүү күчүн көрсөттү. КЭА өкүлдөрү элди Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңештерин угуп, карантиндин талаптарын аткарууда биригүүгө чакырууда.

«Дүйнөнү каптаган күтүүсүз кырдаалга байланыштуу биринчи жолу жалпы мааракени кеңири масштабда белгилей албайбыз. Ар бирибиз өз үй-бүлөбүз менен майрамдайбыз. Бирок бул майрамдын баалуулугу менен тарыхына эч кандай таасирин тийгизбейт. Биз түрдүү маданият жана этнос өкүлдөрү Көз карандысыз Казакстанда өз баалуулуктарыбызды сактап, аны кайрадан жаңыртып, өнүктүрүп жатабыз. Бул кийинки муунга мурас болуп кала турган нерсе. Бугу айынын 1 майрамын кызматташтык менен биримдикке үндөп, жакшы иштин маанисин дагы бир жолу эске салган күн экенин билишибиз керек», - дейт Нур-Султан шаарынын КЭАнын ишкерлер кеңешинин төрайымы Фарангиз Ахметова.

Глобалдык пандемия адамзатка ар бир инсандын тең экенин көрсөттү. Кооптуу илдет эшик кагып келбейт. Чек ара же адам тандабайт. Улутка бөлүнбөй, бири-бирине кайрымдуу болууга үйрөттү. Бир эненин балдарындай бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып жаркын келечекти бирге каалап жүргөн этнос өкүлдөрү бүгүнкү кыйын учурда иш жүзүндө колдон келген жардамын аяган жок. #Bizbirgemiz! акциясы алкагында Казакстан Элдер Ассамблеясынын мүчөлөрү социалдык жактан аз камсыз болгондорго колдоо көрсөтүүнү колго алган. 

«Ыктыярчылар көп балалуу үй-бүлөлөр, майыптар менен пенсия курагындагы жалгыз калган карыялардын үйлөрүн аралап медициналык коргоочу каражаттар, дары-дармектер, азык-түлүк таратып жүрөт. Жигердүү жаштарды тарбиялоодо биринчи кезекте аксакалдарга урмат-сый көрсөтүү керек. Кайрымдуу келечеги бар өлкө бардык кыйынчылыкты жеңет. Ал эми бул бугу айынын 1 Казакстан элдеринин биримдиги күнүнүн алардын акылында достук, кайрымдуулук сыяктуу адамгерчилик касиеттерин сиңирүүдө мааниси чоң», - дейт Нур-Султан шаарынын «ТАҢ» татар-башкыр маданий борбору» КБ төрагасынын биринчи орун басары Равиль Валеев.

Өлкө башына түшкөн кыйын кысталыш мезгилде коомдук бирикмелер менен этномаданий борборлорунун мүчөлөрү сөздөн ишке өтүп, көрүнүктүү иштери менен чын ниеттерин көрсөтүп келет. Кооптуу илдеттин очогун ооздуктоодо күрөшүп жүргөн адистерди колдоо иш-чаралары өлкөнүн булуң-бурчунда өтүп жатат. Барыбызга жалпы руханий мурас - АльФараби, Абай сыяктуу инсандардын чыгармаларын кеңири жайылтууга да Ассамблея өкүлдөрү жигердүү аралашууда.  

«Азыр эч кимге оңой болуп жаткан жок. Баарыбыз үйдө обочолонууга мажбурбуз. Деген менен жашоо уланып жатат. Карантиндин мөөнөтү бүтөт. Андан кийин биз баарыбыз көрүшүп жалпы ишибизди улантабыз. Учурда вирустан коргонуу үчүн чектөөлөргө баш ийип, тыюу салган чараларды бекем сакташыбыз керек. Азыркы максатыбыз ушул. Бул жаатта биримдигибизди көрсөтөлү. Анткени биз Казакстан аттуу чоң үй-бүлөнүн мүчөсүбүз. Маараке куттуу болсун туугандар!», - дейт «Радима» Беларусь этномаданий борборунун төрагасы Дмитрий Останькович.

Казакстан - көп улуттуу өлкө, анда 130дан ашык улут жашайт. Ал эми Казакстан Элдер Ассамблеясы мамлекеттин чакан үлгүсү болуп саналат. Уникалдуу социалдык институттун модели башкаларга да мисал. Андагы башкы максат айдан ачык. Каймагы бузулбаган коомдун тынчтыгына доо кетирбей көздүн карегиндей сактоо жана коргоо учурдун талабы.