Этномаданий бирикмелер Казакстан элдеринин биримдиги майрамы менен куттукташты

Этномаданий бирикмелер Казакстан элдеринин биримдиги майрамы менен куттукташты

Өлкөдөгү этномаданий бирикмелердин өкүлдөрү жалпы элди Казакстан элдеринин биримдиги күнү менен куттуктап, өздөрүнүн каалоолорун билдиришти. Алардын пикиринде, элдер достугунун мааракеси түрдүү улут менен улус ортосунда жылуу мамиле менен достук символуна айланууда.

«Урматтуу мекендештер! Бардыгыңыздарды Казакстан элдеринин биримдиги күнү менен куттуктайм. Достук менен ынтымак бар жерде ырыс, береке боло берсин. Майрам куттуу болсун!», - дейт домбрада ойногон Африка маданий борборунун өкүлү Даниэль Джеймс Данлади-Бвай.

Түбү бир түрк тилдүү элдер да бардык казакстандыктарды аталган маараке менен куттуктап, бир түндүк астындагы элдин достугу менен өз ара мамилеси мындан ары да улана берерине тилектештигин билдирди.

«Урматтуу, кымбаттуу Казакстан калкы! Өлкөгө биримдик, ынтымак, береке каалайм. Гүлдөй бер Казакстан!», - деди «Мурас» кыргыз этномаданий биримдигинин аксакалдар кеңешинин төрагасы Марат Кулманбетов.

«Урматтуу достор! Казакстан элдеринин биримдиги күнү куттуу болсун. Сиздердин үй-бүлөңүздөргө аманчылык, бакыт, жакшылыктарды каалайм!», - деп Өзбек улуттук этномаданий борборунун төрагасы Абдулла Исматуллаев өз каалоосун билдирди.

 

Фото: vecher.kz