Казакстан элдеринин биримдиги күнү онлайн форматта майрамдалат

Казакстан элдеринин биримдиги күнү онлайн форматта майрамдалат

Өлкөдө Казакстан элдеринин биримдиги күнү белгиленет. Ассамблея өкүлдөрү менен бардык облустарда мааракелик иш-чаралар даярдалууда. Деген менен белгилүү шарттарга байланыштуу быйылкы мерчемделген иш-чараларга журтчулук онлайн форматта гана күбө боло алат. Ошондой эле, эсиңизде болсун:

1) Борбордук филармония бардык казакстандыктарды «Ынтымак мекени» онлайн-концертин көрүүгө чакырат. Сизге билет сатып алуунун кажети жок. Дресс-код да өз эркиңизге жараша.

https://www.youtube.com/channel/UCGcalbGEDoR9Hyj1yvJGB6g

2) Казакстандык жылдыздар да өз өнөрлөрү менен кубантат. YouTube каналынын түз эфиринде Роза Рымбаева, Толкын Забирова, Парвиз Назаров жана Али Окаповдын катышуусу менен Live-концерт өтөт.

https://www.youtube.com/results?search_query=Almaty+Creative

3) Бугу айынын биринде Казакстан Республикасынын Кастеев атындагы өнөр музейи «Күйөрман менен диалогдор» аттуу жаңы рубрикасын жарыялайт. Ага белгилүү казакстандык сүрөтчүлөр катышып, өнөрдүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришет. Ошондой эле, суроолорго жооп беришет. Түз эфирди музейдин Facebookтагы расмий баракчасынан көрө аласыздар.

https://m.facebook.com/gmi.rk/videos/3197308130301074/

4) Казакстан элдеринин биримдиги күнү ата мекендик театрлар да өз спектаклдерин сунуштайт. Мисалы, С.Сейфуллин атындагы Казак мамлекеттик драма театрында «Келиндер козголоңу» спектакли көрсөтүлөт. Ал театрдын YouTube каналында жеткиликтүү болот.

https://www.youtube.com/channel/UCTSuKxpA9TDphIvxdNJH2iA

5) Темиртау балдар менен жаш өспүрүмдөр театры «Өлүү жаман» жомогун интернетте көрсөтөт. Аны төмөндөгү шилтеме аркылуу көрүүгө болот.

https://www.youtube.com/channel/UCRTEHwnFhgidEhO9Gaa1L5A

6)  Ошондой эле, аталган маараке күнү түрдүү улут өкүлдөрүнүн тамак-аштарын даярдоого болот. Бүгүнкү күндө интернет желесинде #үйдебіргедайындаймыз хештеги аркылуу ондогон видео-меню жайгаштырылган. Эске салсак, акция өлкөнүн этномаданий бирикмелеринин демилгеси менен ишке ашырылууда.

https://www.youtube.com/watch?v=sNVkRMTBNW8&t=1s

 

Фото: kzvesti.kz​