БУУ: Жаштар коомдук жараяндарга катышууга мүмкүнчүлүк алышы керек

БУУ: Жаштар коомдук жараяндарга катышууга мүмкүнчүлүк алышы керек

Дүйнө жүзүндө пандемияга байланыштуу окуу жайларынын жабылуусунан 1,5 миллиарддай бала менен жаштар үйдө отурат. Мындан улам алар интернет желесинде убакытын өткөрүп түрдүү экстремисттик топтордун торуна түшүп калуу коркунучу бар. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Башкы катчысы Антониу Гутерриш уюмдун виртуалдуу отурумунда билдирди.  

«Биз мындай топтордун COVID-19 убагында карантиндик чараларды өз максаттарына жетүү үчүн «натыйжалуу» колдонуп келе жатканын көрүп жатабыз. Алар социалдык желелерде эл арасына бүлүк салып, бири-бирине каршы көрсөтүүдө. Ошондой эле, учурда үйдө отурган жаштарды көздөгөндөрүнө жетүү үчүн көптөп тарта баштаган», - дейт уюмдун башкы катчысы.

Аны менен бирге, бул пандемиядан мурун да жаштар чоң көйгөйлөргө туш болгонун белгилеп өттү.

«Бүгүнкү күндө ар бир бешинчи бала билимсиз жана жумушсуз. Ар бир төртүнчүсү зордук-зомбулуктан же каатчылыктардан жапа чегет. Жыл сайын 12 миллион кыз бала эрте жашта эне аталып жатат», - дейт Антониу Гутерриш.

Ал дүйнөлүк коомчулукту жаштардын келечегине салынган инвестицияны кыйла арттырууга чакырды.

«Биз жаштарды бир гана коргоого муктаж эл катары кабыл албашыбыз керек. Бул тең укуктуу жана өзгөрүштөргө өбөлгө боло турган жарандар», - дейт БУУнун башчысы.

Антониу Гутерриш көптөгөн жерлерде өспүрүм курактагылардын пикирлери көңүлгө алынбай жана аракет кылууга укук берилбей турганына тынчсыздануусун билдирди.

«Добуш берүүгө жаш шайлоочулардын аз катышуусу таң калыштуу эмес. Ушундайча саясий уюмга нааразычылыктар көбөйүп келет», - дейт Антониу Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинин отурумунда.

Отурумдун катышуучулары БУУга мүчө мамлекеттер жаштардын жигердүү жашоосу үчүн коопсуз чөйрөнү түзүү керектигин белгилешти. Аны менен катар, коомдук жараяндарга да катышууну камсыз кылуу керек деген пикирге келишти.

 

Фото: ca-irnews.com