КЭА казак тилин үйрөнүүгө чакырат

КЭА казак тилин үйрөнүүгө чакырат

Казакстан Элдер Ассамблеясы казак тилин үйрөтө турган «Мамиле» долбоорунун онлайн нускасын ишке кошту. Долбоорго алгачкылардан болуп Түндүк Казакстан облусунун Казакстан Элдер Ассамблеясы кошулду. Карантин убагында казак тилин онлайн режимде үйрөнүүгө каалоосун билдиргендердин саны кескин көбөйдү, дейт аймактын өкүлчүлүк мүчөлөрү. Ниет билдирген ар бир адам үйдө отуруп эле, @ank_sko инстаграм баракчасы аркылуу тилди билүү деңгээлин жакшырта алат.

«Мамиле» талкуу клубунун сабактары апта сайын өткөрүлөт. Анын кураторлору жаңы формат аркылуу аудиториясын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Анда бардык угуучуларды кызыктуу сабактар күтүүдө: диалогдор, актуалдуу темалар негизинде түзүлгөн жаңы сөздөр менен сүйлөмдөр,тексттик жана көзөмөл тапшырмалары, үй иштери. Ошентип, мамлекеттик тилди толук өздөштүргүсү келген бардык адамдар менен тыгыз байланыш орнотулат.

Костанай аймагынын Достук үйү да мамлекеттик тилди өздөштүрүүнүн видео-сабактарын сунуштайт. «Мамиле. Кырдаалдык казак тили» онлайн сабактары аркылуу билимди чыңдоо үчүн бардык шарт каралган. Карантиндик чаралар алынгандан кийин да сабактар улантылат. Онлайн сабактар жекшемби, шаршемби күндөрү уюштурулат.