Казакстандык туризм онлайн түрдө өнүктүрүлөт

Казакстандык туризм онлайн түрдө өнүктүрүлөт

Казакстанда «Туризм үчүн онлайн вебинарлар» долбоору ишке кошулду. Бул тууралуу маданият жана спорт министри Актоты Райымкулова атайын брифингдин жүрүшүндө маалымдады. Долбоордун алкагында ата мекендик туризм тармагынын адистери биригип уникалдуу www.tourismonline.kz сайтын түзгөн. Электрондук платформада чет элдик конокторго арналган маданий туристтик топтомолор иштелип чыгууда. Мында онлайн режимде өлкөнүн маданий борборлору жана кооз жерлери, туристтик объекттери менен таанышууга болот.

АКТОТЫ РАЙЫМКУЛОВА, РК МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ МИНИСТРИ:

- Бүгүнкү күнү аянтта 20 актуалдуу тема талкууланып, 500 адам катышты. Аларга Алматы облусундагы тоо туризми, Туристтик агенттиктердин укуктук кеңеши, туризмди насыялоо программасы жана тармактык видео жазуулар кирет. Роликтерди 25 миңден ашык адам көргөн. Сайт колдонуучулары Казакстандан башка КМШ жана алыскы чет өлкөлөрдү камтыйт.

Министрдин айтымында, Казакстан чет элдик туристтерди тартуу үчүн жана Борбордук Азиядагы маданий-туризм борборуна айлануу үчүн чоң дараметке ээ. Жаратылышы кооз өлкө тарыхый эстеликтер, байыркы маданий объекттер менен ыйык жерлерге бай. Алардын бир катары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине киргизилген. Өзгөчө кырдаал учурунда ата мекендик туризмди өнүктүрүүдө руханий жерлер да өз салымын кошуп келет. Бүгүнкү күндө Бозок, Сарайшык, Сауран жана Отырар шаарчалары, ошондой эле, Берел жана Иссык коргондору сыяктуу тарыхый-маданий мурас объекттери, музейлер менен музей-коруктары 3D форматтагы экскурсия, онлайн-сайран режими, аралыктан окутуулар, видео сабактар сыяктуу чаралар аркылуу өз жерлерин көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоодо.

 

Фото: strategy2050.kz