Касым-Жомарт Токаев казакстандыктарды Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

Касым-Жомарт Токаев казакстандыктарды Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү мусулман коомун ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчысы - бул бүткүл дүйнөдөгү мусулман коому үчүн руханий жаңыруу менен жаңылануу мезгили экенин атап өттү. Отуз күн орозодо муктаж адамдарды колдоп, кайрымдуулук көрсөтүү жакшы салтка айланганын эске салды.

«Тилекке каршы, быйылкы Рамазан айы өзгөчө кырдаал учуруна туш келип жатат. Ошондуктан жамаатты Казакстан мусулмандар дин башкармалыгынын сунуштарын аткарууга, илдетке каршы күрөштө биримдик менен жоопкерчилик көрсөтүүгө чакырам. Биз, Казакстан эли каныбызга сиңген кадыр-касиеттин аркасында бардык сыноодон өтөбүз деп ишенем. Сиздерге чың ден соолук, бакыт-береке жана мол киреше каалайм», - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

 

Фото: 360tv.ru​