Карантин кезиндеги орозо: Башкы муфтий быйылкы Рамазан айынын өзгөчөлүгү менен шарттарын түшүндүрдү

Карантин кезиндеги орозо: Башкы муфтий быйылкы Рамазан айынын өзгөчөлүгү менен шарттарын түшүндүрдү

Чын куран айынын 24дө мусулмандар үчүн касиеттүү Рамазан айы башталат. Быйыл коронавирус инфекциясынын пандемиясына жана карантиндик чаралардын кабыл алынышына байланыштуу ооз беките турган жарандар тарабынан көптөгөн суроолор пайда болууда. Казакстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын башчысы алардын басымдуу бөлүгүнө жооп берди. Мисалы, орозо кезинде антисептик колдонууга болобу?

«Коронавирустун алдын алуу максатында антисептиктер менен спирт колдонулат. Алла кааласа орозону бузбайт. Биз жөнөкөй шартта эмес, өзгөчө кырдаалдабыз. Ошондуктан ушундай кезде адамдын саламаттыгына зыян тийгизбей турган, тескерисинче сактана турган учурларды биздин шариятыбыз колдойт», - деди Наурызбай ажы Таганулы.

Аны менен катар, КМДБ башчысы битир-садака берүү жолдоруна да токтолду. Быйыл битир-садака 370 теңге өлчөмүндө бекитилди. Аны республикалык маанидеги шаарлар менен ар бир облустун борбордук мечиттеринин эсеп-счету көрсөтүлгөн банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу төлөөгө болот.  

Айта кетсек, битир-садаканын өлчөмү ундун баасына карата эсептелет. Ал эми материалдык жагынан бай адамдар садакага мейиздин же курманын баасын төлөйт.  

 

Фото: m.ru.sputniknews.kz