Айматтарда карантин тартиби күчөтүлдү

Айматтарда карантин тартиби күчөтүлдү

Батыш Казакстан облусунда бүгүндөн баштап коомдук транспорт кыймылы токтотулду. Аймактагы бардык мекемелер менен жумуш берүүчүлөр жумушчуларын кызматтык транспорт менен камсыздоого тийиш. Ал эми чын курандын 17нен баштап, экинчи даражадагы банктар менен «Казпочтанын» кызматына чектөө коюлат. Аталган уюмдар таңкы саат 9дан кечки 4кө чейин юридикалык жактарга кызмат көрсөтөт. Бирок социалдык төлөмдөр менен пенсия берүү иши кечиктирилбейт. Ал эми чын курандын 18нен баштап азык-түлүк базарлары жабылат. Мунун бардыгы жүрүм-турумду чектеп, оорунун таралуусун ооздуктоо максатында жасалып жатат дейт облус башчысы.

МУХТАР МАНКЕЕВ, ОБЛУС АКИМИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

-Банктын иши мындан ары тоскоолдуксуз улана берет. Бул жерде банктарга эң башкы талап, насыя алам деген жеке жактарды токтотуп, элдин жүрүм-турумун азайтуу. Шылтоо менен шаарда жөн эле жүргөн жарандарга айып пул салууга болдук. Азык-түлук саткан дүкөндөр ишин улантат.

Эртеңден баштап Костанай облусу карантинге жабылат. Аймак башчысы Архимед Мухамбетов тургундарга кайрылуу жасады. Аким чын курандын 17си  00:00дөн баштап бугу айынын 1и таңкы  07:00гө чейин карантин режими киргизилгенин айтты. Ал дарыгерлер, полиция менен күчөтүлгөн режимде иштеген ишкана кызматкерлерине түшүнүү менен кароого чакырды.

«Биз көп кыйынылыкты көрдүк, бирок ар дайым алдыга умтулдук. Бул жолу да кыйынчылыкты жеңебиз. Биз биргебиз!», - деди облус башчысы.

Ал эми чын курандын 18и, саат 00-00 дөн баштап Караганды облусунда чектөө чаралары киргизилет деп кабарлады чукул штаб. Ыкчам аракет этүү борборунун электрондук базасына киргизилген транспорттордон башкаларына жүрүүгө тыюу салынат. Региондогу бардык шаарлар менен райондор арасында блок-посттор орнотулууга тийиш.  Саат  22:00 дөн 05:00 аралыгында карантин аймактарында жеке транспорт менен жүрүүгө болбойт. Темиртау жана Шахтинск шаарларында жеке унаа менен каттоого уруксат жок.  Товар, дары-дармек жеткирүүчүлөр гана жүрүүгө болот.  

 

Фото: uralskweek.kz