Казакстанда өзгөчө кырдаал киргизилгенден бери интернет колдонуучуларынын саны көбөйдү

Казакстанда өзгөчө кырдаал киргизилгенден бери интернет колдонуучуларынын саны көбөйдү

Казакстанда өзгөчө кырдаал киргизилгенден бери интернет колдонуучуларынын саны артты. Карантинге чейин бул көрсөткүч, 200 миңге жакын болсо, азыркы учурда 650 миңге жетип жатат.

Буга аралыктан иштөө жана билим берүү таасир эткен. Бүгүнкү күндө ар бир казакстандыкты жогорку ылдамдыктагы интернетке кошууну камсыз кылуу максатында байланыш операторлору менен биргелешкен долбоорлор колго алынды. КРнын санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана жана аэрокосмос өнөр жайы вице-министри Дарын Туяковдун  айтымында,  мыйзамга ылайык, байланыш операторлору өз эсебеинен байланыш системаларын тартып жатат. Жыйынтыгында жалпы кызмат көрсөтүү көлөмү жалган куран айында 13,5%га көбөйгөн. Алдыдагы убакытта тийиштүү иштер уланат.

КУАНЫШБЕК ЕСЕКЕЕВ  «КАЗАКТЕЛЕКОМ» АК БАШКАРМА ТӨРАГАСЫ:

- Азыркы учурда интернет желесине бардык жерде жүктөмө көбөйүп жатат. Мисалы, 60%дан ашыгы стримингтик телевидение менен видео кызматтарына келет. Бүгүнкү күндө Казакстанда интернеттин үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн 18 дата-борбору иштейт.

 

Фото: trashbox.ru