Актөбеде коронавирус жуктурган бейтапка кылмыш иши козголот

Актөбеде коронавирус жуктурган бейтапка кылмыш иши козголот

COVID-19 жуктурган Актөбелик бейтап ооруканадан чыккандан кийин темир торго камалышы мүмкүн. Ал өзү менен байланышта болгон адамдарды жашырган. Белгилүү болгондой, коронавирус илдетине чалдыккан адам менен карым-катнашта болгон эки адамдан инфекция аныкталды.

«Чын курандын 14дө бейтап менен байланышта болгон адамда коронавирус диагнозу аныкталды. Бүгүн эртең менен дагы бир адамдан алынган сынама жыйынтыгы оң натыйжа көрсөткөн. Эки бейтап тең чын курандын 2де  ооруканага жаткырылыган адам менен байланышта болгон. Эпидемияга каршы тергөө учурунда эркек адам кийинки эки адам менен байланышта болгонун жашырган. Буга байланыштуу бардык маалымат тартип сакчыларына өткөрүлүп берилди. Ага ылайык, Актөбелик бейтап КРнын Кылмыш кодексинин 308-беренеси боюнча эки жылга чейинки мөөнөткө баш коргоо чарасынан ажыратылышы мүмкүн. Ал эми эгерде байланышта болгон адамдар курман болгон шартта ал 5-10 жылга чейин камакка алынат», - деди Актөбе облусу боюнча товарлар менен көрсөтүлгөн кызматтар сапаты менен коопсуздугун көзөмөлдөө департементинин башчысы Нурсулуу Беркимбаева.

Аны менен катар, коронавирус диагнозу коюлган бир адамдын жергиликтүү супермаркетке тез-тез барганы аныкталды. Мындан улам соода жайы карантинге жабыла турган болду.

 

Фото: otyrar.kz