500 миң теңге айлык акысы бар адамдар да жөлөк пул алууга кызыктар болгон

500 миң теңге айлык акысы бар адамдар да жөлөк пул алууга кызыктар болгон

Борбордун тургундары арасында 500 миң теңге айлыгы бар адамдар да 42500 теңге өлчөмүндө жөлөк пул алууга арыз билдирген. Бул тууралуу жумуш менен камсыздоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы Сауле Нургожина маалымдады. Ал атайын жардам акыны ушул күнгө чейин муктаж адамдардын эмнеге ала албай жатканын түшүндүрдү.

«Адистер дем алышсыз күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Арыздарды  «жарандарга арналган өкмөт КЕАК- менен жана мамлекеттик социалдык камсыздоо фонду менен биргелешип карап жатабыз. Убакыттын бир бөлүгү бардык даректерди текшерүүгө кетип жатат. Бүгүнкү күндө иштеп жаткан тургундар да арыз беришүүдө. Алардын ичинде эмгек акысы 500 миң теңгени түзгөндөр да бар. Кээ бир адамдар бир нече жолу арыз беришкен. Мунун бардыгы арыздарды текшерүү убакытына таасир этүүдө. Адистер ар бир арызды дыкат текшерет. Убакытты үнөмдөө жана арыздарды жөнгө салуу ылдамдыгын арттыруу үчүн арызды бир гана жолу жиберүүлөрү керек», - деди жумуш менен камсыздоо жана социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Сауле Нургожина.

Айта кетсек, арызды «Электрондук өкмөт» веб-порталы, telegrambot egov.kz же 42500.enbek.kz сайты аркылуу электрондук форматта берүүгө болот.

 

Фото: inform.kz