Өзгөчө кырдаал кезиндеги чектөөлөргө өлкөдөгү диний уюмдар колдоо билдирди

Өзгөчө кырдаал кезиндеги чектөөлөргө өлкөдөгү диний уюмдар колдоо билдирди

Бүткүл мусулман коомчулугуна ыйык Орозо айынын башталышына 10 күн калды. Быйыл касиеттүү Рамазан айы чын курандын 24дө башталып, 29 күнгө созулат. Орозо айт бугу айынын 24нө белгиленди. Бул тууралуу атайын брифинг жүрүшүндө Башкы муфтий Наурызбай ажы Таган уулу билдирди. Ал бардык мусулман жамаатын майрам учурунда өзгөчө кырдаалга байланыштуу бардык чектөө чараларын сактоого чакырды. Бул жаатта кафе-ресторандарга буйрутма берип, оозу бек адамдарга тамак таратуу, социалдык абалы начар үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратуу аркылуу кайрымдуу иштерди жасоого үндөдү.

НАУРЫЗБАЙ АЖЫ ТАГАН УУЛУ, КАЗАКСТАН МУСУЛМАНДАРЫ ДИН БАШКАРМАСЫНЫН ТӨРАГАСЫ, БАШКЫ МУФТИЙ:

 - Жугуштуу илдеттин таралышынын алдын алуу максатында мечиттерде, коомдук жайларда жана башка да мекемелерде жыйналып, ифтар берүүнү убактылуу токтотууга чакырабыз. Ошондуктан карантин күндөрү, ар ким өзүнүн үйүндө үй-бүлө мүчөлөрү менен ооз ачар өткөрүүгө,  көпчүлүк жерлерге чогулбоого чакырабыз.

Христиан динин православие багытын кармануучулар да Пасха майрамын аралыктан белгилей турган болду. Мааракеге карата чиркөөдө уюштурула турган диний жөрөлгөлөр түз эфирде көрсөтүлөт.

МИТРОПОЛИТ АЛЕКСАНДР, КРНЫН ОРУС ПРАВОСЛАВ ЧИРКӨӨСҮНҮН МИТРОПОЛИТТИК ОКУРУГУНУН БАШЧЫСЫ:

 - Көптөгөн адамдар өзгөчө кырдаалга байланыштуу быйыл Пасханы үйдө тосууга мажбур. Буга түшүнүүчүлүк менен кароо керек. Жан дүйнөнү тазарткан майрамды чын ниет менен өткөрүү зарыл. Чиркөөгө, конокко барбай эле, болгон салттарды сактап үйдө отуруп тилек кылуу жетиштүү. Майрам күнү бардыгы менен баарлашууда түз трансляциялар жардам берет.

 

Фото: nicstyle.ru