Чын курандын 20нан баштап кандай ишканалар жумуштарын улантат?

Чын курандын 20нан баштап кандай ишканалар жумуштарын улантат?

Нур-Султан жана Алматы шаарларында чын курандын 20нан баштап кандай ишканалар жумштарын улантат? КРнын Президенти алдындагы өзгөчө кырдаал режимин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комиссиясынын чечими тууралуу КРнын маалымат жана социалдык өнүктүрүү министри Даурен Абаев кабарлады.  

«Нур-Султан өнөр жайлык жана индустриялык ишканаларда болжол менен 35 миң адам иштейт. Алардын бир бөлүгүнүн иши токтогон жок. Бүгүнкү күндө дагы 25 миңден ашык адам кайра ишке киришет. Курулуш тармагына келе турган болсок, өлкөнүн түндүгүндөгү курулуш сезону кыска болгондуктан,  курулуш компаниялары менен ага тиешелүү тармактардын ишине уруксат берүү сунушталды: башкача айтканда, ишканаларга курулуш материалдарын жеткирүү, курулуш индустриясында архитектура-техникалык көзөмөлдөө, стандарттоо жана сертификаттоо иштери уланат. Биринчи этапта 50 миңге жакын адам курулуш тармагындагы ишин кайрадан баштайт», - деди ведомство башчысы.

Аны менен катар, жолдорду оңдогон асфальт-бетон заводдору иштей баштайт. Пенсиялар менен жөлөк пулдарды убактылуу берүүнү камсыз кылуу максатында кыскартылган иш графиги менен экинчи даражадагы банктар: кийим тазалоо борборлору, дөнгөлөктөрдү алмаштыруу жайлары менен атайын техникаларды оңдоо, тамак-аш жеткирүү кызматтарына 22:00го чейин иштөөгө уруксат берилет.

«Ошентип, 90дон 100 миңге жакын адам иштерин улантат. Бул борбордун эмгек рыногунун 20 пайызын түзөт. Карантин аяктаганга чейин бала-бакчалар менен түрдүү кошумча билим берүү бөлүмдөрү, мектептер менен университеттер, барлар, түнкү жана оюн-зоок клубдары, мекемелер, театрлар, музейлер менен кинотеатрлар азырынча жабык», - деди Даурен Абаев.

Алматыга келе турган болсок, бардык өнөр жайлык жана курулуш ишканалары, ошондой эле кампалар иштей баштайт. Аны менен катар экинчи даражадагы банктар менен баалуу кагаздар рыногунун кызматкерлери, дөңгөлөк саткан дүкөндөр, унаа жуу жана кеңсе техникаларын оңдоо борборлорунун кызматкерлери  иштерин улантат. Жалпысынан, чын курандын үчүнчү он күндүгүндө бардыгы 128 миң адам толугу менен жумуш убакытына өтөт.

 

Фото: caravan.kz