2 миңден ашык казакстандык онлайн-марафонго катышты

2 миңден ашык казакстандык онлайн-марафонго катышты

COVID-19 пандемиясынын таасиринен дени сак жашоо салтын кармангандар марафон жүгүрө албай калышты. Өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаалга байланыштуу мелдештерди өткөрүү токтотулду.

Ага карабастан, Казакстанда биринчи жолу онлайн марафон уюштурулду.  YE'S! FUN RUN иш-чарасына 2100 адам катышты. Бул рекорддук көрсөткүч. Алардын катарында казакстандыктардан башка орусиялыктар жана америкалыктар да бар.

Катышуучулар өз үйүндө 3-10 км чуркашты. Спорттук иш-чарага Марат Жыланбаев, Ринат Мустафин, Ержан Жапаров жана башка да атактуу спортчулар ат салышты. Алар катышуучуларга өз тажрыйбалары менен бөлүшүшүп, жетишкендиктери жөнүндө айтып беришти. Трансляция 2 саатка созулду.

Иш-чара «YE’S! Бизбиргебиз! Мы вместе!» урааны астында өттү. Ошентип, уюштуруучулар медицина кызматкерлерине, тартип сакчылары менен коммуналдык кызмат өкүлдөрүнө, жалпысын COVID-19 менен күрөштө жан үрөп эмгектенип жаткандарга өз колдоолорун билдирди.

 

Фото: yes-run.kz