К. Токаев: Көз боёмочуларды ордуна коюш керек

К. Токаев: Көз боёмочуларды ордуна коюш керек

Мемлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Өкмөткө мамлекет тарабынан бөлүнө турган жардам акыны муктаж адамдарга жеткирүү механизмин түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу президент өзгөчө кырдаал режимин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комиссиянын отурумунда билдирди. Касым-Жомарт Токаев мамлекетке кол сунгандардын арасында көз боёмочулар көбөйгөнүн атап өттү.

«Жарандарыбыз бул жардам өзгөчө кырдаалга байланыштуу чындыгында каржылык кыйынчылыктарга туш болгон адамдарга арналганын түшүнүүсү керек. Ошондуктан туруктуу киреше булагы бар адамдардын бул көмөктү негизсиз алуунун жолуна бөгөт коюу кажет. Көз боёмочуларды ордуна коюш керек», - деди мамлекет башчысы.

Айта кетсек, президенттин тапшырмасы менен кирешесиз калгандарга 42500 теңге өлчөмүндө социалдык жардам каралган. Бүгүнкү күндө бул жардамды алууга 1,7 миллион адам арыз берип жетишкен.