Казакстанда өзгөчө кырдаал режими чын курандын 30уна чейин узартылды

Казакстанда өзгөчө кырдаал режими чын курандын 30уна чейин узартылды

Казакстанда өзгөчө кырдаал чын куран айынын аягына чейин узартылды. Мындай тапшырманы бүгүн мамлекет башчысы берди.

«Өзгөчө кырдаал режимин, бери дегенде чын курандын аягына чейин узартууга туура келери азыркы убакта түшүнүктүү болуп турат. Биз коронавирус менен оорунун туу чокусуна  жете элекбиз. Илдетке байланыштуу абалды жеңилдетүүгө болбойт. Буга байланыштуу карантин режими борбордо, Алматы менен Шымкентте жана тиешелүү облустарда чын курандын аягына чейин созууну тапшырам», - деди Касым-Жомарт Токаев өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик комиссиянын отурумунда.

Президент бул оңой чечим эмес экенин түшүнө турганын айтты. Анткени эл көчөгө чыгып, нормалдуу турмушун уланткысы келет. «Бирок карантин режимин сактоодон, обочолонуудан, башка жол жок. Бул ата мекендик жана эл аралык вирусолог адистердин сунушу», – деди мемлекет башчысы.

Айта кетсек, буга чейин Казакстанда коронавирус илдетине байланыштуу өзгөчө кырдаал режими президенттин жарлыгы менен жалган курандын 16да бир айга киргизилген эле.

 

Фото: liter.kz