Эл Башынын үндөөсү көпчүлүктүн колдоосун тапты

Эл Башынын үндөөсү көпчүлүктүн колдоосун тапты

Эртеңки күнгө болгон элдин ишенимин бекемдөө. Эл Башынын "Бириге билген эл баарын жеңет" деп аталган макаласы дал ушуну көздөйт дешет эл өкүлдөрү. Депутаттардын пикиринде, Нурсултан Назарбаев өткөндү талдап, учурду баамдады, келечекке багыт берди. Кыйын кезеңде өлкөнүн эч бир жараны камкордуксуз калбай турганын белгиледи.

АЗАТ ПЕРУАШЕВ, КРНЫН ПАРЛАМЕНТИ МАЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

 - Макала менен таанышып чыктым. Эл Башы үстүбүздөгү абалга өз көз карашын билдирип жатат. Эл Башыбыз Туңгуч Президент катары мамлекетибиздин иштерине моралдык, этикалык, руханий баа берүүдө. Анын айтымында, азыр акимчиликтердин да жумуш форматы өзгөрүүсү керек.

ГЕННАДИЙ ШИПОВСКИХ, КРНЫН ПАРЛАМЕНТИ МАЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

 - Макаланын конкреттүү аспектилерине келе турган болсок, биринчиден мамлекетке колдоо көрсөтүү. Мамлекет башчысына колдоо көрсөтүү. Бауыржан Мамышулынын сөзү менен айтканда тартипке баш ийген кул болбойт. Бардык жасалып жаткан шарттар өлкөнүн коопсуздугу үчүн багытталганы айтылган.

Бүгүнкү күндө кеңири талкууланып, көпчүлүктүн колдоосун тапкан Эл Башынын үндөөсүнө байланыштуу айтылган пикирлерге маданият жана спорт министри Актоты Райымкулова да пикирин билдирип, өзүнүн фейсбук баракчасында жеке ою менен бөлүштү.

«Урматтуу туугандар. Элибиздин өткөн кылымдагы жашоосуна көңүл буруп  көз чаптыра турган болсок мындан да кыйын, мындан да оор мезгилдерди башынан өткөргөнүн, далай кыргындан, куугун-сүргүндөн, ачарчылыктан, согуштан аман-эсен чыкканын тарых барактарынан окуганбыз. Ошол кыйынчылык учурларда мурунку улуу муун билет жана көз алдынан өткөрдү. Сыноодон алып чыккан бабаларыбыздын ынтымак-биримдиги болгон. Бул жолку түзүлгөн ыңгайсыздык менен жайылган илдеттин кысымынан да мамлекеттин күчү, элдин биримдигинин аркасында жеңип чыгаарыбызга ишенишибиз керек» дейт КРнын маданият жана спорт министри Актоты Райымкулова.

 

Фото: zakon.kz