Казакстанда Мусулмандар дин башкармалыгы журтту бир учурда дуба кылууга үндөдү

Казакстанда Мусулмандар дин башкармалыгы журтту бир учурда дуба кылууга үндөдү

Казакстандын Баш муфтийи жамаатты чын курандын 10у, жума намаз убактысында адамзаттын амандыгы үчүн бир учурда дуба кылууга чакырды. Казакстан Мусулмандар дин башкармалыгынын  расмий сайтында ушундай үндөө жарыяланган. Анда Баш муфтий Наурызбай ажы Таган уулу азыркы учурда бул оор илдет бүткүл адамзат баласына коркунуч жаратып турганын баса белгилейт.

«Урматтуу Дин башчылары, мусулман боордоштор. Бүгүнкү күндө COVID-19 коронавирус жугуштуу оорусу жер бетиндеги дүйнө журтчулугун танчсыздандырып жатканы баарыбызга маалым. Тилекке каршы, бул илдеттен миңдеген адам көз жумду. Дүйнөдө бул оорудан каза тапкан үй-бүлөлөрдүн кайгыларын тең бөлүшүп, көңүл айтам. Жашоону сыноо деп билген мусулман баласы башына кыйындык түшсө, сабыр кылат. Урматка бөлөнсө шүгүр кылат. Бул жолу Казакстан мусулмандары дин башкармасы ислам ааламынын уламаларын, бардык дин ишмерлерин, дин тармагынын окутуучу-устаттары менен Куран каарыларын жана башка мусулман коомчулугун чын курандын 10у, жума намаз убактысында «Биз биргебиз, тилегибиз бир» деген ийги демилге алкагында бүткүл адамзаттын амандыгы үчүн, дуба кылууга үндөйм», - деп атап өткөн Наурызбай ажы Таган уулу.

 

Фото: toppress.kz