Мамлекет башчысы коронавирусту аныктай турган тест жасаган илимпоздорду куттуктады

Мамлекет башчысы коронавирусту аныктай турган тест жасаган илимпоздорду куттуктады

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Масгут Айкымбаев атындагы өтө кооптуу жугуштуу  улуттук илимий борбору менен билим жана илим министрлигине караштуу Улуттук биотехнология борборунун жамаатына куттуктоо катын жолдоду деп кабарлайт Акорда. Мамлекет башчысы катында окумуштууларды COVID-19 илдетин аныктоого арналган диагностикалык тест-системасын иштеп чыгуусу менен куттуктады.

Президент өтө кооптуу инфекциялар улуттук илиммй борбору менен улуттук биотехнология борборунун окумуштуулары эл аралык стандарттарга ылайык тест системасын кыска мөөнөттө жасап чыкканын белгилеп өттү.

«Сиздердин жетишкендиктериңиз ата мекендик биомедицина тармагынын атаандаштыкка туруктуу экенин көрсөтөт. Дүйнөгө тараган коронавирус илдетине каршы күрөш жүрүп жаткан кезде бул жаңылыктын сунушталуусу абдан маанилүү болуп саналат. Иштеп чыгылган тест-системасы миңдеген жарандарыбыздын өмүрү менен ден соолугун сактап калууга көмөктөшөт деп ишенем», - деп жазылган Мамлекет башчысынын куттукттоо катында.

Касым-Жомарт Токаев эки илимий борбордун  иштерине ийгилик каалап, ыраазычылык билдирди.

 

Фото: belta.by