Актөбе,Тараз жана Караганды карантинге жабылат

Актөбе,Тараз жана Караганды карантинге жабылат

Өлкөдө үч облус борбору карантинге жабыла турган болду. Бүгүн түнкү 00:00дөн баштап Караганды облусунун бардык аймагына карантин киргизилет. Башкача айтканда, облустун бардык периметри боюнча жарандардын, аны менен катар авто транспорттордун кирип чыгуусуна тыюу салынат. Эми аймак тургундарына үйлөрүнөн 1,5 чакырым аралыкта эч кандай себепсиз жүрүм-турумуна катуу тыюу салынды. Буга кошумча, айтылган мөөнөттөн баштап Караганды облусунда бардык авто жана темир жол бекеттери менен аэропорттор иштебейт.

Ал эми Актөбеге бүгүнтөн тарта карантинге жабылат. Облустук товарлар менен көрсөтүлгөн кызматтар сапаты менен коопсуздугун көзөмөлдөө департаментинин башчысы Нурсулу Беркимбаева түз эфир аркылуу кечки саат 21:00дөн баштап шаарда карантин киргизилите турганын маалымдады.

«Калаада бардык мекемелер жумушу токтотулат. Тизме социалдык желеде, акимчилик сайтында жарыяланат. Коомдук эс алуу жайлары, сейил бактар, балдар аянтчаларына барууга болбойт. Экинчиден транспорттун бардык түрү шаардан чыкпайт жана киргизилбейт. Айрым жарандардын жүрүм-турумуна уруксат берилет. Тизме атайын жарыяланат. Үчүнчүдөн коомдук транспорт кыймылына үч нөөмөттө график киргизилет. Мисалы, эртең менен 7:00-9:00, түштө12:00-14:00, кечинде 17:00-21:00 аралыгына бекитилди» деп кабарлады Нурсулу Беркимбаев.

Таразда карантин режими чын курандын 7нен башталат. Бул тууралуу Жамбыл облусунун акимчилигинин расмий сайтында маалымдалды. Аймак жетекчисинин басма сөз кызматынын кабарлашынча, облус борборунун аймагында саат 00:00дөн баштап карантин режими киргизилет. Уруксат этилгендерден башка бардык авто транспорт каражаттарынын жана жаранадардын шаар аймагына кирүүсүнө жана чыгуусуна тыюу салынат. Коомдук транспорт саат 07:00дөн баштап 20:00го чейин иштейт.

 

Фото: kaskelen.kz