«Birgemiz» кайрымдуулук фондуна 13 миллиард теңге түшкөн

«Birgemiz» кайрымдуулук фондуна 13 миллиард теңге түшкөн

13 миллиард теңге. «Биргебиз» кайрымдуулук фондуна казакстандыктардан ушунча көлөмдө каржы келип түшкөн. Бул тууралуу атайын брифингдин жүрүшүндө маалымат жана социалдык өнүктүрүү министри Даурен Абаев маалымдады.

Анын айтымында, азыркы учурда бардык аймактарда фонддун өкүлчүлүктөрү ачылып, атайын сайт ишке кошулду.

«Фондко түшкөн каражат менен чыгашалар жарыяланат. Ал тургай чекттерге чейин көрсөтүлөт. Учурда ар бир аймактка жардамга муктаж адамдардын тизмеси түзүлүүдө. Алар жакынкы убакытта фонддон жардам алышат»,- деди Даурен Абаев.

Ошондой эле, министр өзгөчө кырдаал кезиндеги ыктыярчылардын жардамын өзгөчө белгилеп өттү. Кайрымдуу жаштар Нур-Султан менен Алматы шаарларынын өзүндө миңге жакын акция уюштурду. Иш-чаралардын алкагында 30 миң адамга жардам берилди. 8 миңге жакын үй-бүлөгө азык-түлүк жеткирилип, 200 миң медициналык беткап таратылган.

 

Фото: liter.kz