Карантин кезинде англис тили акысыз үйрөтүлөт

Карантин кезинде англис тили акысыз үйрөтүлөт

Казакстандыктар карантин кезинде англис тилин акысыз өздөштүрө алат. Мындай мүмкүнчүлүктү өлкө тургундарына Нур-Султан шаарындагы "Руханий жаңыруу" долбоордук кеңсеси сунуштап жатат, деп билдирди борбор акимчилигинин расмий сайты. Онлайн курсту Кристина Яичникова өткөрөт. Буга чейин да сабак берүүчүнүн аралыктан окутуу тажрыбайсы болгон.

«Мен буга чейин онлайн режимде сабак берүүдөн бир аз тажрыйба топтодум. Карантин учурунда ошол тажрыйба менен бөлүшүүнүн мезгили келип жатат. Сабакты онлайн режимде жүргүзүү боюнча англис тилин аз убакыт ичинде өздөштүрүү ыкмаларын үйрөтүүгө аракет кылам. Курста биз граматикалык негиздерин карайбыз»,- дейт Кристина Яичникова.

Айта кетсек, аталган сабактар аптасына бир жолу Инстаграм баракчасында жана Ютуб каналында түз эфирде өткөрүлөт. Ар бир сабактын убакыты 1-1,5 саат. Эки айга созула турган акысыз курстун биринчи сабагы чын курандын бирине белгиленген.

 

Фото: startplus.ua