Касым-Жомарт Токаев: Эч ким көмөксүз калбайт

Касым-Жомарт Токаев: Эч ким көмөксүз калбайт

Мемлекет бардык жарандарга колдоо көрсөтөт, эч ким көмөксүз калбайт. Бул тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаевдин теле каналдан жасаган кайрылуусунда айтылат.  Мамлекет башчысы кооптуу илдет менен күрөштүн экономикалык жана социалдык тармактарын эске алып, кабыл алынган конкреттүү колдоо чараларын белгилеп өттү.  Эң алды менен пенсия, мамлекеттик жөлөк пул жана социалдык көмөк өлчөмү 10 пайызга индексациялоо тууралуу чечим кабыл алынды.  

«Ага ылайык, аталган категориядагы жарандардын кирешесин арттыруу үчүн мамлекет тарабынан 200 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүнөт», - деди Президент.

Аны менен катар, Касым-Жомарт Токаев өзгөчө кырдаал режиминде ишкерлерге кандай колдоо көрсөтүлө турганын айтып берди. Мамлекет тарабынан чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү үчүн мурда болбогон чаралар колго алынат.

Қасым Жомарт Тоқаев: «Акимчиликтер жергиликтүү ишканалардын өнүмүн бери дегенде 6 ай бою кепилдүү сатып алуу тартибин жолго коюу керек. ШОБ өкүлдөрүнүн быйылкы тогуздун айынын бирине чейин эмгек акы төлөө фондунан кармала турган киреше салыгынан бошотууну тапшырам. Мындай колдоо соода, транспорт кызматы, мейманкана, туризм жана башка тармактарды камтыйт», - деп айтылат кайрылууда.

 

Фото: otyrar.kz