Казакстан президенти элге ыраазычылык билдирди

Казакстан президенти элге ыраазычылык билдирди

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кыйын кырдаалда сабыр сактап, түшүнүүчүлүк менен караганы үчүн Казакстан элине ыраазычылыгын билдирди. Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана мамлекеттин кризиске каршы иш-чараларына байланыштуу мамлекет башчысынын маалымдамасы республикалык теле каналдардан берилди. Кайрылууда Касым-Жомарт Токаев медицина адистеринин эмгегин өзгөчө белгилеп өттү.

«Учурда бүткүл өлкөбүз дарыгерлер менен медицина кызматкерлеринин эрдигине баа беришүүдө. Алар адам өмүрүнө коркунуч туулуп жаткан бүгүнкү күндүн баатырлары. Ошондуктан, пандемияга каршы күрөштүн алдыңкы сабында жүргөндөргө кошумча колдоо көрсөтүү боюнча чечим кабыл алдым. Дарыгерлер жана медицина кызматкерлерине 3 ай  бою кошумча үстөм акы төлөнөт. Медицина кызматкерлеринин өмүрүн сактоо маселеси да чечилди. Албетте, ак халатчандар мындан да зор колдоого татыктуу», - деди Мамлекет башчысы.

Аны менен катар, Президент коронавирус жуктурган жарандарды да унутта калтырган жок. Өз сөзүндө:  «Коронавирус менен ооруган жарандарга колдоо билдиргим келет. Кабатырланбаңыздар! Бул оору канчалык кооптуу делгени менен үрөй учураарлык эмес. Андан айыгып жаткандар бар. Биз мамлекет менен коом сиздерге жардамдашуу үчүн колубуздан келгенин жасайбыз», - деп, бейтаптарга колдоосун билдирди.

 

Фото: akorda.kz