Блок-посттор канатсыз учуучу аппараттардын жардамы менен күчөтүлөт

Блок-посттор канатсыз учуучу аппараттардын жардамы менен күчөтүлөт

Аскер кызматкерлер блок-посттордо канатсыз учуучу апараттарын колдонот. Бул иш чара карантин убагында өзгөчө кырдаалды көзөмөлдөө жана күчөтүү алкагында колго алынат. Учуучу аппараттар аба чалгындоону жүргүзүү, өзгөчө кырдаал режиминин бузулушун аныктоо жана ага жол бербөө максатында тартылат.

Айта кетсек, учурда борбор калаа менен республиканын бир нече облусунда өзгөчө кырдаал жана карантин режимин камсыз кылуунун алкагында  блок-посттор коюлуп, Куралдуу күчтөрдүн аскерий кызматкерлери, полиция жана Улуттук гвардиянын өкүлдөрү менен биргелешип сутка бою кезекке турууда. Тыюу салууга карабастан, мыйзам бузуучулук аракеттери тыйылбай жатат.

Мисалы бүгүн Акмола облусунда карантин аймагынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган  дагы 7 адам кармалды. Эрежеге баш ийбегендер административдик жоопкерчиликке тартылат.

 

Фото: catalogueofarticles.com