Аралыктан окутуу: окуучулар керектүү каражаттар менен камсыздалат

Аралыктан окутуу: окуучулар керектүү каражаттар менен камсыздалат

Аралыктан окутуу системасына өтүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү жок окуучулар менен мугалимдерге 80 миң компьютер сатып алынат. Буга кошумча окуу мекемелеринин фондундагы компьютерлер  убактылуу пайдаланууга берилет. Ал эми техникалык мүмүнкүнчүлүгү барлар жергиликтүү акимчиликтердин жардамы менен интернет желесине кошулат. Бул тууралуу билим жана илим министри Асхат Аймагамбетов атайын брифингдин жүрүшүндө маалымдады.

Ошондой эле, министр аралыктан окутуу 4 багыт боюнча жүрүгүзүлө тургандыгын билдирди. 4-чейректи камтуу үчүн теле аркылуу 3360 сабак берилет. Бул ишке  «казак радиосу» да кошулат. Интернет желеси жокторго тапшырма электрондук кат куржун аркылуу жеткирилет. Мунун баары интернет аркылуу окутуунун санариптик жүйөлөрү негизинде ишке ашат.

АСХАТ АЙМАГАМБЕТОВ, КРНЫН БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ:

 - Бир нече интернет платформалары боюнча биз сабактарды тийиштүү санариптик ресурстарда даярдап бүттүк. Эң башкысы биздин принциптерибиз бул санариптик жүйөлөрдү жакшылап пайдалана билүү маселесине да чоң көңүл буруудабыз. Ошондуктан ар бир мектепте, колледждерле, ЖОЖдун бардык билим бөлүмдөрү менен башкармалары аталган жумуштарды жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле, министр алыскы айылдардагы чакан орто мектептерде карантиндик чаралар кабыл алынган болсо салттуу форматта окуй бере турганын кошумчалады. Бирок сабактар отуз мүнөткө чейин кыскарып, окуу эки нөөмөттө жүргүзүлөт.

 

Фото: en.islcollective.com