Токио Олимпиадасы 2021-жылы жайында өтүшү мүмүкүн

Токио Олимпиадасы 2021-жылы жайында өтүшү мүмүкүн

Коронавирус пандемиясына байланыштуу кийинкиге калтырылган жайкы олимпиада оюндары 2021-жылдын теке айында өтүшү мүмкүн.

Жапония маалымат каражаттарынын кабарлашынча, учурда эл аралык олимпиада комитети жана уюштуруучулар бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ошондой эле олимпиаданы 2021-жылдын теке айынын 23үнө белгилөөнү талкуулоодо.

Жайкы олимпиада оюндарынын чектелүүсү Жапония үчүн оор сокку болору анык. Уюштуруучулар төрт жылдыктын башкы мелдешин өткөрүүгө 12 миллиард доллар каржы жумшаган.

 

Фото: rbc.ru