Нур-Султан шаарында чектөө чаралары күчөтүлдү

Нур-Султан шаарында чектөө чаралары күчөтүлдү

Борбордо үстүбүздөгү жылдын жалган курандын 30у менен чын курандын 6сы аралыгында шаар ичинде адамдар менен жеке транспорттордун кыймылына чектөө коюлду. Төмөндөгү шарттарда гана тургундардын кыймылына уруксат берилет:

- жумуш ордунан аныктама же кызматтык күбөлүк болгон учурда жашаган жеринен жумуш ордуна жана кайра келүүгө.

- азык-түлүк өнүмдөрүн, дары-дармектер менен медициналык максаттагы буюмдарды жашаган жери же жумуш ордуна жакын жайгашкан дүкөндөр менен дарыканалардан сатып алууга.

- өзгөчө кырдаалда медициналык мекемеге барууга.

- үй жаныбарларын жашаган жерине жакын жерде сейилдетүүгө.

- көп кабаттуу үйлөрдө жайгашкан азык-түлүк дүкөндөрү жумуш убакыты 10:00дон 20:00 го чейин белгиленүүгө тийиш.

Нур-Султан шаарынын полция департаменти өзгөчө кырдаал жана карантин кезеңи үчүн белгиленген талаптар аткарылбаган шартта тийиштүү административдик чараларды колдонот. Жарандардын коомдук жайларда, парктарда сейилдөөсүнө жол бербөө максатында чектөөлөргө шайкеш көзөмөлдөө иши уюштурулат.

Аны менен катар, Нур-Султан шаары боюнча инвестициялар жана ишкерликти өнүктүрүү башкармасы Акмола облусу Целиноград жана Аршалы райондорунун акимчиликтери менен биргелешип шаарды азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн жүк транспортторунун кыймылын уюштурууга тийиш.

Эске сала кетсек, Нур-Султан шаарында карантин режими жалган курандын 19унда киргизилген.

 

Фото: ehonews.kz