Нур-Султан жана Алматы шаарларында жалган курандын 30унан чын курандын 5не чейин ишканалар менен уюмдардын иши токтотулат

Нур-Султан жана Алматы шаарларында жалган курандын 30унан чын курандын 5не чейин ишканалар менен уюмдардын иши токтотулат

Нур-Султан жана Алматы шаарларында жалган курандын 30унан чын курандын 5не чейин ишканалар менен уюмдардын иши убактылуу токтотулат. Жума күнү КРнын Премьер- министри Аскар Маминдин төрагалыгы менен КРнын Президенти алдындагы өзгөчө кырадал режимин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комиссиянын селектордук отурумунда ушундай чечим кабыл алынды. Бул тууралуу КРнын Премьер-министринин басма сөз кызматы кабарлады.

«Мемлекеттик комиссия коронавирус инфекциясынын таралуусун чектөө максатында Нур-Султан жана Алматы шаарларында жалган курандын 30у жана чын курандын 5и аралыгында жалпы мамлекеттик органдар, акимчиликтер, укук коргоо органдары, саламаттыкты сактоо уюмдары, ЖМК, азык-түлүк дүкөндөрү, дарыканалар менен турмуш-тиричиликти камсыздоочу уюмдарды кошпогондо, менчик түрүнө карабастан бардык ишканалар менен уюмдардын ишин убактылуу токтотуу тууралуу чечими бекитилди. Толук тизме шаарлардын акимчиликтери менен макулдашылып аныкталат», - деп айтылат расмий маалыматта.

 

Фото: egemen.kz