Мажилис төрагасы: Президенттин тапшырмалары коомдун бардык тармактарын камтыйт

Мажилис төрагасы: Президенттин тапшырмалары коомдун бардык тармактарын камтыйт

Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу учурунда президент жүктөгөн тапшырмалар коомдун бардык тармактарын камтыйт. Бул тууралуу Парламент Мажилисинин жалпы отурумунда төмөнкү палата төрагасы «Nur Otan» партиясы фракциясынын жетекчиси Нурлан Ныгматулин билдирди. Мамлекет башчысынын тапшырмаларына ылайык, өлкөдө коронавирустун таралышына каршы чаралар ишке ашырылып жатат.

«Мемлекет башчысы каатчылыкка каршы планды каржылоо жолдорун, механизмдерин жана каржы булактарын аныктайт. Эми бардык мамлекеттик аппараттын милдети - министрден баштап адиске чейин белгиленген максаттарга жетүү үчүн конкреттүү жана керектүү иштерди аткаруу керек. Жергиликтүү деңгээлде салыктык преференциялар менен колдоону кошпогондо, каатчылыкка каршы чаралардын жалпы наркы 4,4 триллион теңге же 10 миллиард долларды түзөт. Ошентип, президенттин тапшырмалары Казакстан коомчулугунун бардык тармактарын камтыйт. Башкы көңүл социалдык туруктуулукка бурулат», - деди Н. Ныгматулин.

Ошондой эле, Мажилис төрагасы «Nur Otan» партиясы фракциясынын жетекчиси фракция депутаттарынын атынан өзгөчө кырдаал учурунда ички туруктуулукту камсыздап коронавирустун таралышына каршы аракет этүү үчүн кабыл алынган чараларга колдоосун билдирди.

«Парламент Мажилисиндеги «Nur Otan» партиясынын фракциясы өлкөнүн каатчылыктан кийинки өнүгүү планын ишке ашырууга ара тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул үчүн керектүү мыйзамдардын бардыгы  «Nur Otan» партиясы фракциясынын мүчөлөрү - депуттар кызматынын негизги багыттарынын бири болот», - деди Мажилис төрагасы.

 

Фото: informburo.kz