Казакстан жарандары чет мамлекеттерден өлкөгө кайтып келүүдө

Казакстан жарандары чет мамлекеттерден өлкөгө кайтып келүүдө

Казакстандын 33 жараны Сауд Арабиясынан өлкөгө кайтып келди. Алар өлкөнүн коргоо министрлигинин атайын борту менен Жидда шаарынан Актауга жекткирилди. Бул жарандар Королдуктун аймагында ковид-19 вирусунун таралышына каршы киргизилген чектөө алкагында эл аралык авиа, жер үстү жана деңиз, байланыштарына толук тыюу салуу чараларынан кийин өлкөдөн чыга албай калышкан. Казакстанга кайтары менен мекендештер карантинге жаткырылды. Алар алдыдагы эки апта бою адистердин кароосунда болушат.

Ошондой эле, Түркиядан 335 казакстандык кайтарылды. Алар Алматы жана Актау аэропортторуна жеткирилди. Бул жарандардын катарында студенттер менен башка мамлекеттерден транзит менен келген жүргүнчүлөр да бар.

АЛИ ЖАКЕЖАНОВ, СТУДЕНТ:

 - Биз транзиттик рейс менен Стамбулдан Алматыга учуп келишибиз керек болчу. Бирок коронавируска байланыштуу биз өзүбүздүн рейсибизге жетише албай, Стамбулдун аэропортунда калууга мажбур болдук. Деген менен Стамбулдагы Казакстандын башкы консулдугунун жардамы аркылуу Түркиянын аймагына кирдик.

Эки жүздөн ашык казакстандык Польшадан өлкөгө аман-эсен кайтып келди. Алар Варшавадан атайын чартердик рейс менен жеткирилген. Бардыгы 207 жүргүнчү. Басымдуу бөлүгү Европада окуган студенттер. Дагы 55 мекендеш жакында АКШдан кайтып келет. Алар эл аралык авиа рейстеринин жана чет элдиктер үчүн транзиттик аймактардын жабылышына карата өлкөгө кайта албай калгандар. Эми алар Нью-Йорктон Москва аркылуу жеткирилет.

Ошондой эле, ата мекендик авиа компаниялар Орусия, Түркия, Грузия, Улуу Британия, Малайзия, Германия, Бириккен Араб Эмирликтери жана Нидерландыдан өлкөгө кайткысы келген жарандарды жеткирүүгө даяр экендиктерин билдирди. Айта кетсек, казакстандыктарды мекенине кайтаруу чараларын Тышкы иштер министрлигинин атайын ыкчам штабы колго алууда.

 

Фото: profi.travel