Казакстанда #BizBirgemiz иш-чарасы өткөрүлүүдө

Казакстанда #BizBirgemiz иш-чарасы өткөрүлүүдө

Казакстанда «Біз біргеміз!» иш-чарасы өткөрүлүүдө. Акциянын башкы максаты - карантин учурунда адамдарга колдоо көрсөтүү. Ар бир өлкө жараны башкаларга камкордук көрсөтө алат.

Шаарлар менен облустарда көп балалуу, турмуш-шарты начар үй-бүлөлөр менен жалгыз калган карыялар үчүн азык-түлүк баштыктары даярдалат. Аны менен катар коронавирус инфекциясынын алдын алуу үчүн абдан керектүү антисептиктер менен беткаптар берилет. Мээримдүүлүк иш-чарасы колдоого алынууда. Мисалы айрым ишкерлер элди экологиялык таза айыл чарба өнүмдөрү менен камсыздашат. Кээ бир ишкерлер беткап тигип, бекер таркатууда.

Ал эми Караганды облусунда демөөрчүлөрдүн каржысына ковид-19га чалдыккандарды жеткирүүгө арналган эки капсула сатып алынды. Дагы бир меценат инфекцияны тез аныктай турган экспресс-тессттрерди сатып алуу үчүн ооруканага каржы бөлдү.

 

Фото: ekaraganda.kz