Токио олимпиадасы 2021-жылга жылдырылды

Токио олимпиадасы 2021-жылга жылдырылды

Эл аралык олимпиада комитети коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодо өтө турган жайкы олимпиада жана паралимпиада оюндары 2021-жылга калтырылганын жаярылады. Бул тууралуу ЭОКтун басма сөз кызматы кабарлады.

Токиодогу олимпиада оюндары теке айынын 24нөн баш оона айынын 9уна чейин, ал эми паралимпиада баш оонанын 25нен аяк оонанын 6сы аралыгында өтмөк. Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах телефон аркылуу сүйлөштү. Анын жүрүшүндө Жапониянын премьери Токио олимпиадасын 2021-жылга калтырууну сунуштаган.

"Учурдагы кырдаалга байланыштуу жана ДССУнун маалыматын эске алып Жапониянын премьери менен ЭОКтун президенти олимпиада оюндарын 2021-жылга калтыруу чечимине келшити. Бирок оюндар жай айынан кечикпей өтөт. Бул чечим эл аралык коомчулуктун, оюндардын катышуучуларын жана спортчулардын саламаттыгын камсыздоо максатында кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, олимпиаданын оту Жапонияда кала берери да чечилди. Мындан сырткары, мелдештин аталышы Токио-2020 олимпиада жана паралимпиада оюндары боюнча калат.

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган өлкөнүн, аны менен кошо АКШ, Канада жана Норвегиянын улуттук олимпиада комитеттери оюндарды өткөрүүнү токтотуп турууну сунуштаган.

Эскерте кетсек, Олимпиадалык оюндарды белгиленген мөөнөттө өткөрүүгө төртүнчү жолу мүмкүн болгон жок, бирок биринчи жолу мелдештер бир жылга жылдырылды. Буга чейин масштабдуу спорттук иш-чара Дүйнөлүк биринчи жана экинчи согуш маалында токтотулган эле.

 

Фото: wrestlingua.com