Даурен Абаев: Президенттин тапшырмалары аткарылат

Даурен Абаев: Президенттин тапшырмалары аткарылат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевтин өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик комиссияда берген тапшырмаларынын бардык пунктары аткарылат. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын маалымат жана социалдык өнүктүрүү министри Даурен Абаев билдирди.

Мамлекет башчысы каатчылыкка каршы абдан масштабдуу чаралар тууралуу баяндаганын министр кошумчалады.

«Муктаж жарандардын бардыгына мамлекет көмөктөшөт. Эч ким камкордуксуз калбайт. Президенттин пикиринин башкы түйүнү ушунда. Учурда журналисттер менен жарандардан келип түшкөн суроолордун басымдуу бөлүгү президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмаларынын ишке ашырылуусуна байланыштуу. Бул жаатта бүгүн премьер-министрдин төрагалыгы менен өкмөттүн жыйыны өттү. Бардык министрлер менен акимдер кече президент берген тапшырмаларды орундатуу боюнча жол карталарын түзүшөт. Ага ылайык, бардыгыныздарды түшүнүүчүлүк менен өкмөттүн конкреттүү механизмдерин жарыялоосун күтүүнү өтүнөбүз», - деп белгиледи министр.

 

Фото: baigenews.kz