Нооруз майрамы – адамзаттын руханий байлыгы

Нооруз майрамы – адамзаттын руханий байлыгы

Жер-шаарын дүрбөлөңгө салган ковид-19 кооптуу илдети Нооруз майрамын кеңири масштабда майрамдоого тоскоол болду. Бул жагдай беш миң жылдык тарыхы бар эң байыркы майрамдын маанисин жоготпойт. Ал – кардын эрип, табияттын ойгонгон учурун айгинелеген майрам.  Улустун улуу күнүн улуктоо Теңирди таануудан башталат. Адамзат тарыхында жаңы жылды белгилөө, Мысыр доорунан Европага, Падышалык Орусия, ал тургай Рим империясы да ушул убакытка дал келгени белгилүү. Түрк тилдүү өлкөлөрдө бул майрам ыйык деп саналат. Учурда Чыгыштан Балхашка, Борбордук Азия менен Кавказга чейинки жерлерди мекендеген үч жүз миллиондон ашык адам белгилейт. Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен Нооруз эл аралык майрам макамын алып, ЮНЕСКОнун сунушу менен адамзаттын руханий баалуулугу деп таанылган.

ГАРИФОЛЛА ЕССИМ, ФИЛОСОФИЯ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ, ПРОФЕССОР:

- Ноорузду бүткүл дүйнө жүзү майрамдаган учурга жетишебиз. Азыркы учурда бул майрам жакшы белгиленип келет. Ошондуктан ал белгиленет. Мунун эч кандай динге, эч кандай саясатка тиешеси жок. Бул табияттын майрамы. Муну адамдар түшүнө баштады. Түшүнгөн сайын аны майрамдагандардын катары көбөйөт. Бул өзгөчө майрам десек болот.

 

Фото: yandex.kz