Олимпиада оту Жапонияга жеткирилди

Олимпиада оту Жапонияга жеткирилди

Олимпиада оту жума күнү Грециядан Жапониянын түндүк-чыгышындагы Мияги префектурасына жеткирилди деп кабарлайт ТАСС маалымат агенттиги Киодо агенттигине шилтеме жасап. Оюндар факелинин Жапония аймагы менен эстафетасы жалган курандын 26 Фукусимада башталууга тийиш. Коронавирустун таралуу кооптуулугуна байланыштуу жергиликтүү бийлик, тургундарга факель өтө турган жолдордо массалык чогулбоого кеңеш берди.

Өлкө өкмөтү менен Токио башчылыгы Олимпиада оюндарын өткөрүүдөн баш тартпай турганын билдирүүдө. Алар коронавирус мелдештерге кедергисин тийгизбейт деп үмүттөнүүдө. Жапания тарап оюндарды күйөрмандарсыз өткөрүүгө же кийинкиге калтырууга толугу менен каршы. Олиипиада теке айынын 24үнөн баш оона айынын 9у аралагына белгиленген.

Атап айтканда, расмий маалыматка ылайык, учурда Жапонияда ковид-19 жуктуруунун 1600 дөн ашык окуясы катталып, 40 адам көз жумган.

Фото: ribalych.ru