Шымкентте коронавирус менен күрөш боюнча атайын штаб түзүлдү

Шымкентте коронавирус менен күрөш боюнча атайын штаб түзүлдү

Ковид-19 дун таралышын алдын алуу максатында Шымкентте атайын штаб түзүлдү. Аны шаар акими Мурат Айтенов башкарат. Штаб коронавируска каршы чаралардын жүргүзүлүшүн көзөмөлдөп, шаардагы социалдык-экономикалык абалдын туруктуулугун сактоо багытында иштейт. Биринчи кезекте шаар жетекчилиги жергиликтүү тигүү фабрикаларына көп жолу пайдаланууга болгон беткаптарды тигүүнү жолго коюуну тапшырды. Жарандардын саламаттыгы өзгөчө көңүлгө алынган. Коронавирус жуктуруу учурлары аныкталып жатса, калаадагы 170 орундук карантин борбору даяр турат. Мамлекеттик жеке менчик кызматташтык алкагында ачылган дарылоо мекемелери да коронавирус менен күрөшүү чараларына салым кошууга даяр.

ЕРБОЛ САДЫР, ШААР АКИМИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Бул шаарга инвесторлор келип, өздөрү оорукана салып, элге кызмат көрсөтүп, анын сапатын көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бар. 9 инвестор оорукана салууга ниеттенүүдө. Четинен өздөрүнүн иштерин баштоодо. Бул экинчи оорукана.

 

Фото: liter.kz