Нур-Султан менен Алматы шаарларында коронавирусту аныктай турган бекеттер түзүлөт

Нур-Султан менен Алматы шаарларында коронавирусту аныктай турган бекеттер түзүлөт

Нур-Султан менен Алматы шаарларынын тургундары үчүн коронавирусту аныктай турган мобилдүү бекеттер уюштурулат. Бул үчүн өлкөнүн ири шаарларын 600 миң экспересс-тест менен камтууга Болат Утемуратов фонду 200 миллион теңге каржы бөлүп берет. Талдоо жүргүзгөн мобилдүү бекеттер саламаттыкты сактоо министрлигинин катышуусу менен курулат. Фонд өкүлдөрүнүн кабарлоосунда, тест ситемалары Европабиримдиги аймагында сертификаттоодон өткөн жана ал адамдын дененсинде инфекциянын бар-жогун 90 пайыз болжолдоп аныктай алат. Ал эми мобилдүү пункттар адамдар көп жүргөн жерлер- дарыканалар, супермаркеттер, коомдук транспорт аялдамалары, темир жол бекеттеринде, иштейт. Айта кетсек, мындай тажрыйба Түштүк-Кореяда, АКШда жана Европанын кээ бир өлкөлөрүндө колдонулган.

МАРАТ АЙТМАГАМБЕТОВ, БОЛАТ УТЕМИРОВ ФОНДУНУН МҮДҮРҮ:

-Бул тесттер Кытайда, Гуанчжоу шаарында чыгарылган. Азыркы убакытта логистика маселеси чечилип жатат. Аддыдагы бир нече күндө Казакстанга алып келебиз деп ойлойм. Сынама манжадан алынат, ал эми талдоонүн жыйынтыгын 10-15 мүнөттөн кийин билүүгө болот.

 

Фото: prm.ua