Нур-Султан менен Алматыда блок-посттор коюлду

Нур-Султан менен Алматыда блок-посттор коюлду

COVID-19дун таралышына жол бербөө максатында Алматы менен Нур-Султан шаарларында блок-посттор коюлду.

Анда сутка бою Коргоо министрлигинин аскерлери менен полиция кызматкерлери иштейт. Бул тууралуу Нур-Султан шаарынын полиция департаментинин башчысы Ержан Саденов маалымдады. Жалпысынан борбордо 6 атайын көзөмөлдөө бекети коюлду. Ошондой эле, жарандар тарабынан пайда болгон маселелерди карап, чукул чараларды кабыл алуу үчүн ыкчам-штабы түзүлдү. Карантиндик режимди бузууга жол бербөө боюнча профилактикалык иштер колго алынууда. Ал эми Алматы шаары боюнча 24 блок-пост иштейт. Бул обьектилер шаарга кире бериш жерлерде  жана  10 магистралдуу көчөгө жайгаштырылат. Алматы акиминин орун басары Ерлан Кожагапановтун айтуусунда, жалган курандын 22синде бардык блок-посттор жабылат. Бардык авиа жана темир жол байланыштары токтотулат. Эл аралык учуулар убактылуу чектелет.