Аралыктан иштегендердин эмгек акысы өзгөрүлбөйт

Аралыктан иштегендердин эмгек акысы өзгөрүлбөйт

Аралыктан иштеген учурда эмгек акы төлөө тартиби өзгөрбөйт. Бул тууралуу эмгек жана элди социалдык камсыздоо министри Биржан Нурымбетов билдирди. Айта кетсек, азыркы учурда Президенттин тапшырмасы менен мамлекеттик кызматкерлердин 70 пайызы дистанциондук иштөөгө өткөрүлүүдө.

"Мамлекеттик эмес жана башкада жеке ишканалар менен уюмдарда ушундай тартипке өтүү керек. Бул жаатта иш тартиби эмгек кодексинин 138-беренеси менен жөнгө салынган. Мекеме башчысы тийиштүү буйрук чыгарат. Эмгек акыны төлөө тартиби өзгөрбөйт, мурункудай ай сайын каражат төлөнүп берилет"-дейт Биржан Нурымбетов.

Министрдин айтымында, өзгөчө кырдаалга байланыштуу аралыктан иштөөгө өтүү мүмкүн болбогон шартта иш берүүчү кыскартылган жумуш күнүн белгилөөсү керек.

"Мындай шартта жумуш берүүчү аптадагы иш күнүнүн санын же бир иш күнү ичиндеги саатын азайтууга болот. Эмгектенген жарандар айлык акыны ошол аткарган жумуш убакытына ылайык алат"-деди министр.

Эгерде киргизилген карантинге байланыштуу өндүрүш же мекеме кызматы мажбурлоо түрүндө токтотулган болсо иш берүүчү эң төмөнкү айлык акынын өлчөмүн берүүгө тийиш.

 

Фото: zakon.kz