Өзгөчө кырдаал учурунда мыйзам талаптарына баш ийбегендер кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Өзгөчө кырдаал учурунда мыйзам талаптарына баш ийбегендер кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал жана Нур-Султан менен Алматы шаарларындагы карантин режиминде мыйзам талаптарын аткарбагандар кылмыштуулук жана административдик жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлады.

Мисалы өзгөчө кырдаал кезинде бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талабына баш ийбегени үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу көздөлгөн. Тартип бузуучу КРнын ККнын 379-беренесине ылайык эки миң АЭК (айлык эсептик көрсөткүч)  өлчөмүндө айып пулдан эки жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн. Ал эми карантин кезинде административдик жоопко тартуу боюнча 10 миң АЭК  өлчөмүндө айып пул же 15 сүткага чейин камакка алуу каралган.

"Элдин ден соолугу жана саламаттыкты сактоо системасы тууралуу" кодекстин 90-беренесине ылайык жарандар медициналык уюмдардын талап кылуусу боюнча текшерүүдөн жана дарыланууга милдеттүү. Чектөө иш-чаралары анын ичинде карантиндеги адамдардын жана менчик обьектисине карабастан бардыгына тиешелүү.

"Элдин коопсуздугун камсыз кылуу максатында жарандардан өткөрүлө турган иш-чараларга түшүнүүчүлүк менен кароону, саламаттыкты сактоо министрлиги менен ИИМ кызматкерлеринин мыйзам талаптарын сактоону, аларга инфекцияны аныктоо менен алдын алууга көмөк көрсөтүүнү сурайбыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, кече өлкөдөгү ӨК жагдайын эске албай той жасаган Түркистандык тургунга байланыштуу акимчилик иш козгоду. Бул тууралуу жергиликтүү полиция башкармалыгы кабарлады.

Фото: logincasino.com