«Оралман» термини «Кандас» деп өзгөртүлөт

Казакстанда «Оралман» термини «Кандас» деп өзгөртүлөт. Мажилисте дал ушундай норма каралган көчүү-конуу жараяндарын жакшыртуу маселеси боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Айта кетсек, жакында мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев тарыхый мекенинен кайткан этникалык казактарга байланыштуу «оралман» термининен баш тартып, анын ордуна «кандас» сөзүн пайдаланууну тапшырган.

Ошондой эле, документте оралман макамын узартуу тууралуу мөөнөттүк чектөөнү алып таштап, жарандыкты берүүгө байланыштуу чечим кабыл алууну кыскартуу көздөлүүдө. Аталган мыйзам долбоорун мажилис депутаттары бир добуштан колдоду.

Фото: qandastar.kz