«Тумар» телевизиондук сынагынын шорт-листи жарыяланды

«Тумар» улуттук телевизиондук сыйлыгынын «Шорт-барагы» быйыл сынактан бир эки-күн мурун жарыяланды. Уюштуруучулар сынактын тарыхында биринчи жолу алдын ала жарыялоону туура көргөнүн айтты. Быйылкы жылы сынакта 10 номинация боюнча мыктылар аныкталат. Анын тогузунда «Хабар  Агенттиги» багын сынайт. «Kazakh TV» каналы «Мыкты телевизиондук сериал», «Мыкты даректүү тасма» жана «Мыкты режиссёрлук иш» сыяктуу номинацияларда жарышка түшөт.

«Тумар 2020нын» дагы бир өзгөчөлүгү, калыстар тобунун курамында быйыл Нью-Йорк фильм академиясынын окутуучусу, ТЭФИ сыйлыгын ээси, тележурналист Евгения Власова бар. Ал долбоордун тарыхында алгачкы жолу сырттан чакырылган  калыс болуп калат.

Айта кетсек, сынактын жеңүүчүлөрүнө быйыл 1 миллион теңге суммасында каржы сый акы берилет.

Фото: inform.kz