Абай өлкөнүн саясий-укуктук өнүгүшүнө салым кошкон

Абай өлкөнүн саясий-укуктук өнүгүшүнө салым кошкон. Ага далил – «Карамола эрежеси». Документ 1885-жылдын бугу айында ошол кездеги Семей губерниясында кабыл алынган. Эреженин концепциясын Абай өзү түзгөн, дешет окумуштуулар. Казак тилиндеги нускасы 73 беренеден турат. Анда уурулук, салгылаш, жер талаш, амалкөйлүк, мураскерликке байланыштуу маселелерди чечүү, өкүм чыгаруу жана сот жүргүзүү тартибинин өзгөчөлүктөрү каралган. Ошондой эле, падыша өкмөтүнүн сот бийлиги менен да окшоштурулган.

ЖАМАЛАДЕН ИБРАГИМОВ, Л.Н.ГУМИЛЁВ АТЫНДАГЫ ЕУУ МЫЙЗАМ ФАКУЛЬТЕТИНИН ДЕКАНЫ, ПРОФЕССОР:

- Ал жердеги нормалар казактын үрп-адаттары менен бирге Орусия империясынын нормалары менен бирге бириктирилип түзүлгөн. Эң башкы айта турган маселе, Абайдын киргизген маселеси. Ал адилеттүүлүк маселеси.

1885-жылы кабыл алынган документ бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жоготкон эмес, дешет адистер.

ГҮЛДАНА ШАРАПАТОВА, САРЫАРКА РАЙОНДУК СОТУНУН СУДЬЯСЫ, ЮРИДИКА ИЛИМДЕРИНИН КАНДИДАТЫ:

- Азыр сырттан иш-жүргүзүү институту бар. Мисалы, жоопкер тийиштүү түрдө билдирүү алганына карабастан сотко келбей койсо, анда биз сырттан өндүрүш аркылуу чечим чыгарууга укугубуз бар. Бул «Карамола эрежеси» беренелеринде сырттан өндүрүшкө алуу каралган.  

Карамола эрежеси биринчи жолу 1886-жылы Казань университетинин китепканасында араб ариби менен басылып чыккан. Габит Мусрепов өмүрүнүн акыркы жылдарында анын бир даанасын Казакстандын Борбордук мамлекеттик архивине тапшырган.

Фото: www.inform.kz