Түркестанда этно айыл пайда болду

Орто кылымдагы чыгыш базары, чеберлер көчөсү, көчмөндөр айылы, хан ордосу, көчмөндөр ашканасы жана жоокерлер айылы. Нооруз майрамына карата Кожо Ахмет Яссауи күмбөзүнүн жанына «этно айыл» салынды. Мында орто кылымдан баштап, көчмөндөр доору, казак хандыгы менен 19-кылымга чейинки казак элинин жашоо салты менен турмуш-тиричилиги толук чагылдырылган. Мисалы, чеберлер айылында темир менен иштеген усталар, дарактан буюм жасап, тери ийлеп, килем токуган ишмерлер отурат. Ал эми көчмөндөр ашканасында унутулуп бара жаткан тамак-аштын түрлөрү кайра жаңыртылып, элге сунушталат.

АЙКО ТӨКЕН, УЮШТУРУУЧУ:

- Мында көчмөндөр колдонгон тамактын түрлөрү менен таанышууга болот. Алар кандай тамак жешкен? Эмне ичишкен? Буга чейин унутулуп калган 80ден ашык тамак-аш түрү коюлат. Бир сөз менен айтканда, көчмөндөр ашканасынын сыры менен бөлүшөбүз. Ошондуктан бардык казакстандыктарды нооруз майрамын Түркестанда тосуп алууга чакырабыз.

Уникалдуу долбоор Нооруз майрамына катышкан меймандар жана чет элдик саякачылар үчүн тарыхы терең казак маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

РАШИД АЮПОВ, ТҮРКЕСТАН ШААРЫНЫН АКИМИ:

- Жыл сайын бул жерге боз үйлөр тигилет. Өзүнчө эле этноайыл пайда болот. Биз форматын өзгөртөлү дегенбиз. Этно айылда атайын актёрлор болот. Алар биздин тарыхыбыз менен маданиятыбызды тааныштырат. Бул жерде 14-15-19-кылымда жүргөндөй болосуз. Максатыбыз - келген конокторго, тургундарга ошол замандагы жашоону көрсөтүү аркылуу туристтерди тартуу болуп саналат.

Меймандар байыркы кылымдагы топурактан тургузулган үйлөрдү аралап, дарактан кураштырылган курчоолор менен мунараларды өз көзү менен көрө алышат. Курулуш объекттери тарыхый талаптар боюнча жүргүзүлүп жатат. Өткөн миң жылдыктан кабар берген казак айылы жалган курандын 15де ачылат деп мерчемделүүдө.

Фото: www.inform.kz