Жазгы суу ташкындарын алдын алуу чаралары

Учурда Казакстандын кар баскан жалпы аймагы 54 пайызга азайды. Облус, район борборлору жана калктуу конуштар калың кардан арылып, 11 миллион чарчы метрден ашыгы сыртка чыгарылды. Жыйынтыгында, акыркы жуманын ичинде нымдын кору бир кыйла төмөндөгөн. Азыр жазгы суу ташкынынын алдын алуу чаралары жүрүп жатат. Бул жаатта түштүк аймактарда коркунуч жок. Ал эми Нур-Султан шаары, Акмола, Чыгыш жана Түндүк Казакстан, Караганды, Костанай, Павлодар облустарында суу ташкыны кооптуулугу жогору. Бул аймактарда жердин адаттан тыш тез жылып эриген кар менен муздун топуракка сиңип кетүүсүнө мүмкүндүк берет, дешет адистер. Мындай кырдаалга кызуу киришкен атайын топ өкүлдөрү топон суу менен күрөшүүгө даяр экенин билдирүүдө.

ЮРИЙ ИЛЬИН, РКНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- «Жаз 2020» окуу-машыгуу иштеринин жүрүшүндө биз бардык жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн даярдыгын текшерип, иш жүзүндө жазгы суу ташкынына каршы иш-аракеттерди дагы бир жолу бышыктап алдык. Сезонго Ички иштер министрлигинин атайын тобундагы 9 миңден ашык адам менен 1700 биргелешкен техника тартылат. Кырдаалга байланыштуу аларды бул айдын аягынан баштап кооптуу делген аймактарга жөнөтө баштайбыз.

Фото: inform.kz