«Хабар» Агенттиги: Кадр сыртындагы аялдар

Режиссура – аялдардын иши эмес. Мындан бир нече жыл мурун бул пикирге көпчүлүк кошулчу. Бирок бүгүнкү күндө кыз-келиндер кинодо да, телеканалда да, тартуу аянтчаларында да эң жооптуу жана батыл милдеттерди аткарып келишет. Баян Кызылова – «Эл арна» телеканалынын ага режиссёру. Ал «Хабар» агенттиги түзүлгөн 25 жылдан бери кызмат өтөп келет.

БАЯН КЫЗЫЛОВА, «ЭЛ АРНА» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН АГА РЕЖИССЁРУ:

- «Хабар» Агенттигинин өнүгүп, өркүндөөсүнө албетте жамааттагы аялдар коомунун таасири чоң. Аны жашыруунун кажети жок. 25 жыл ичинде көп нерсе өзгөрдү. Азыр санариптештирүү заманы. Биз көптөгөн өзгөрүүлөрдү басып өттүк.

Баянга чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Анткени анын көз карашы менен кесипкөйлүгүнө байланыштуу көрүүчүлөргө эфирдеги программалар агымы сунушталат. Ал иш күнүбү же майрам күнүбү маанилүү эмес. Эфир артында жумуш ар дайым кайнап турат.

БАЯН КЫЗЫЛОВА, «ЭЛ АРНА» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН АГА РЕЖИССЁРУ:

- Телеканал - бул убакытка баш ийбей турган жумуш орду. Айрыкча, майрам күндөрү. Мисалы, башкалар эс алса, биз тескерисинче убакытка, күндөргө карабай иштейбиз. Көбүнчө түз эфирде болуп калабыз.  Концерт, спектакль, ар түрдүү кыска метраждуу фильмдерди тартып, монтаждайбыз. Биздин кызматыбыз ушундай. Эл үчүн иштейбиз.

Телеканалдагы жумуш - күч менен эрктүүлүктү, аны менен катар, чыдамкайлык менен ишке 100 пайыз берилүүнү талап кылат. Мындай пикири менен «Kazakh TV» каналынынын эфирдик камсыз кылуу бөлүмүнүн редактору Асия Байназарова бөлүштү. Ал өзүн мисалга алып, аялдардын колунан бардык нерсе келерин жана өз кесибин сүйгөн адамга эч нерсе тоскоол болбой турганын айтат.

АСИЯ БАЙНАЗАРОВА, «KAZAKH TV» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН ЭФИРДИК КАМСЫЗ КЫЛУУ БӨЛҮМҮНҮН РЕДАКТОРУ:

- Ишке майрамга келгендей келүү. Дагы кандай айтат эле? Бизге ырдоо жашоого көмөктөшөт. Биз күндө жумушка барабыз. Башка эмне кылабыз. Жумушта жашообуздун жарымы өтүп жатат. Иш ордубуз биздин экинчи үйүбүз. Мында биз бири-бирибизди абдан өзгөчө куттуктайбыз. Мага иште болгон жагат. Бул жерде жүрүп үй, бала-чакага, айтор баарына жетишебиз. Телеканалган келген, каналда иштеген адам менин оюмча, өз ишинен жалаң гана ырахат алат.

Көптөгөн адамдардын кыялы - миллиондогон телекөрүүчүлөр көргөн белгилүү көрсөтүүлөрдүн тартуу учурунда болуу. Бирок бул убакыттарда экрандын артында тажрыйбалуу, ишкер аялдардын, энелердин турганын көбү биле бербейт. Алар өз ишин чыныгы берилүү менен аткарып, көрүүчүлөргө жогорку маанай жана жакшы көңүл тартуулашат.

Фото: qazmedia.kz